No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 16.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

«Абактарга күтүүсүздөн барып жатабыз»

26.10.2018

Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Жаңы шайланган акыйкатчы Токон Мамытов буга чейин да айрым укук коргоочулар менен жолугушкан. Алар менен кызматташуу кандай болот? Негизинен эмнеге көңүл бурулат? Акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттык» менен болгон маегинде балдардын жана аялдардын укуктарын коргоого басым жасаларын билдирди.

“Азаттык”: “Сезим” кризистик борбору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган экен. Ушул багытта кызматташуу кандай жүрөт?

«Жаналгыч» күйөөлөр

Токон Мамытов: Мен кызматка келгенден баштап ондон ашык өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алардын көбү менен адам укуктарын коргоо боюнча бир багытта иштешели деген жыйынтыкка келдик. Ошолордун бири “Сезим” кризистик борбору болду. Бул уюм, өзүңөр билгендей, аялдардын укуктарын коргоо жаатында иштейт. Ушул багытта биргелешип иш алып барабыз.

“Азаттык”: Укуктары бузулуп Акыйкатчы институтуна кайрылган кыз-келиндер да көп болсо керек? Кандай багыттагы арыздар басымдуулук кылат экен, талдоо жүргүзүп көрдүңүзбү?

Токон Мамытов: Албетте, өзгөчө акыркы жылдарды талдап көрдүк. Ага ылайык, балдардын, аялдардын, үй-бүлөнүн укуктары бузулууда. Үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатат. Ушуларды эске алып Акыйкатчы институту балдардын, аялдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, абакта отургандардын укуктары боюнча иш алып барат. Бул негизги багыттар деп эсептесек болот. Мониторингдин жана Акыйкатчы институтуна түшкөн кайрылуулардын негизинде ушундай жыйынтыкка келип жатабыз. Көбүнчө социалдык жактан, пенсия, жөлөкпул, паспорт боюнча жана соттун, тергөөнүн жыйынтыгына нааразы болуп кайрылгандар көп.

«Күйөөм балдарымды тартып алды»

“Азаттык”: Буга чейин “Саясий туткундарды коргоо комитети» менен да иштешүүгө даяр экениңизди билдирдиңиз эле. Бул багытта иштер кандай жүрүп жатат?

Токон Мамытов: Бүгүнкү күндө “ушуга көнүл буруп, бирге иштешели” деген бир гана кайрылуу болду. Азыр негизги маселе балдардын, майыптардын, аялдардын укуктары орчундуу болуп жатат. Мындан сырткары мигранттар жана алардын балдарынын укуктары. Баарына бир чуркабай, алгач ушул багытка көңүл буралы деген сунушумду баары колдоп жатат. Азыр ала качуу тыйыла элек, зордук-зомбулук катталууда. Биринчи этапта ушулар боюнча иштеп, экинчи этапта силер айткан категорияларга көңүл бурабыз.

Балдар укугу: сан артындагы тагдырлар

“Азаттык”: Аялдардын жана балдардын укуктары дегенде, канчалаган наристелер аялдар абагында чоңоюп жатат. Кош бойлуу жана балалуу аялдар камалып жатат. Алардын абалы менен таанышып чыктыңызбы?

Токон Мамытов: Таанышып чыктык, бирок баарын кыдыра элекпиз. Айрым мамлекеттик мекемелер, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен бирге иш алып барабыз. Кош бойлуу аялдар жана 3 жашка толо элек балдардын, абакта отургандардын маселеси орчундуу болуп жатат. Азыр айрым маалыматтар боюнча абакта 9 бала, айрымдары 16 бала бар деп жатышат. Аны барганда текшеребиз. Кээ бир учурда абак жайларына кабар бербей барып жатабыз.

“Азаттык”: Акыйкатчы институтунун иши менен таанышып чыктыңыз да. Түзүмүндө кандайдыр өзгөртүү болобу?

Токон Мамытов: Талкалаган жеңил. Адегенде талдап, изилдеш керек. Келе калып эле талкалап салган туура болбойт. Жок дегенде 6-7 ай иштеп, талдап көрөлү. Керек болсо өзгөртөбүз, зарыл болбосо мурдагы түзүм менен эле иштей беребиз.

 

 

Tags: акыйкатчыБалдаркоргооКыргызстанпикирТокон Мамытовукук коргоочулар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Безопасность

Глава ГКНБ Кыргызстана заявил о поддержке предпринимателей

16.03.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане выросли цены на овощи, фрукты и мясо

16.03.2026
Новости

Виктор Орбан может столкнуться с иском в Европейский суд из-за кредита Украина

16.03.2026
Новости

Два гражданина Кыргызстана погибли в ДТП в Татарстане

16.03.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане праздничный намаз на Орозо айт проведут в мечетях

16.03.2026
Кыргызстан

Торговля Кыргызстана со странами Евразийского экономического союза выросла на 11,3%

16.03.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане возросла стоимость ГСМ

16.03.2026
Uncategorized

Трамп предупредил о проблемах для НАТО без поддержки США в Ормузском проливе

16.03.2026
Безопасность

Европа стимулирует Киев продолжать боевые действия - Дмитрий Песков

16.03.2026
Uncategorized

Глава МИД Ирана заявил о применении США дрона аналога Шахед

16.03.2026
Безопасность

Заявление Зеленского о Крыме вызвало резонанс - РИА Новости

14.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире