КР Улуттук Гвардиянын мурунку башчысы, генерал-полковник Абдугул Чотбаев, Ооганыстан тууралуу өз оюун билдирди. Маалым болгондой Чотбаев союз учурунда Ооганстанда согушкан жана бул маселе боюнча кабардар экенин белгилей кетти. Чотбевдин сөздөрү боюнча Ооганстан бир гана Азияга эмес, бүткүл Европа жана Орусия өлкөлөрүнө кооптуу өлкө. Эң башкы коркунуч, мурдагы СССР жана Европа өлкөлөрүнө оогандын террордук топтору, алар бардык жерде бар. Мурдагы башчы этият болууну жана террористерге алданып калбоого чакырган.
Эл аралык мамилелер жана регионалдык коопсуздук боюнча эксперт, Ооган темалары боюнча адистешкен, Таалатбек Масадыков сөздөрү боюнча ооганстан Кыргызстан үчүн азырынча эч кандай коркунуч алып келе албайт, эмнеге дегенде алардын өкмөтү өлкөдөгү террористтик топтор менен күрөшө албай келет. Бирок Maсадыков террористтерден сергек болууга чакырган – алар өлкөгө реалдуу коркунучу бар, эгер, террористтик уюмдарды же кадамдарын билсеңиз, укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырган.
Сүрөт: kaktus.media