Азырынча финполиция алдыда келе жатат, ал УКМК менен Башпрокуратураны артына калтырды
Коррупция менен күрөшүүдөгү Бирдиктүү депозиттик эсепке 478,6 миллион сом которулду. КР каржы Министирлигинин маалымат кызматы 2018-жылдын 23-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Борбордук казнасынын маалыматы ушундай дейт. Бул туралуу Vesti.kg сайты билдирет.
– 478 млн. 626 миң 900 сом Бирдиктүү депозиттик эсепке келип түштү. Бул каражаттар мамлекетке экономикалык кылмыштын жана кызматтык кылмыштардын ордун толтуруучу ккражаттар, – деп белгилешти андагылар.
Эң ири сумманы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы которду – 190 млн. 700 миң сом.
Андан кийин улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети 159 млн. 64,7 миң сом.
Башпрокуратура болсо БДЭ 127 миллион 536,3 миң сом которду.
Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлиги 1 млн. 230,1 миң сом которду.
Бүгүн Башпрокуратурадан атайын эсепке 5 млн. 76 миң 777 сом которушту. Ошентип Башпрокуратура тарабынан которулган каражаттардын жалпы суммасы 132 миллион 613 миң 84 сомду түздү.
«Бул багыт боюнча иш улантылууда», – дешет андагылар.
Бирдиктүү депозиттик эсеп «Жалпы мамлекеттик иш чара – укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсеби» 2018-жылы 3-июлда ачылган. КР өкмөтүнүн 2018-жылы 22-июнда №298 токтомун аткаруу үчүн ачылган бул эсеп. Бул эсепке келтирилген чыгымдардын ордун толтурган каражаттар келип түшөт. Анын ордун толуктоо укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында болот.