Бишкек — «Манас» аэропорту трассасында жеңил автоунаа өрттөнүп кеткен, бул тууралуу күбөлөр кабарлашкан. Күбөлөрдүн айтымында, өрт, саат 14:00 чамасында, Дача СУ айылынын жанында чыккан.
Окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана өрт өчүргүчтөр иштеген. Алдын-ала маалыматтарга ылайык, эч ким жабыркаган эмес.
Жол коопсуздугун башкаруунун маалыматына ылайык, күйгөн автоунаанын маркасы «LADA Priora» болгон. Азыркы учурда, чыккан өрттүн себептери такталууда, башка унаалар менен кагылышуу болгон эмес.
Сүрөт: U24.ru