No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 20.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Новости

АКШ менен Орусиянын чымчышкан диалогу

26.10.2018
Коопсуздук

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон эки күнүн Орусияда өткөрүп, өлкөнүн аскердик жетекчилерине, президент Владимир Путинге жолукту. Анда эң башкы жаңылык эки өлкө лидеринин кезектеги жолугушуусунун датасы болду.

Саясий диалог учурундагы тамаша же такмаза эзелтен бар. Бул жолугушуу да чымчылашуу менен өттү.

– Жаңылбасам, Кошмо Штаттардын гербинде суу бүркүтүнүн элеси бар. Бир чеңгелинде 13 жебе, экинчисинде тынчтыкты сүйгөн саясаттын белгиси катары 13 зайтуну бар бутак турат. Суроом: силердин бүркүт зайтундун баарын чокуп жеп, жебелер эле калдыбы?

Президент Владимир Путиндин көптү кыйыткан бул сөзүнө Жон Болтон сыпаа, бирок түшүнүктүү жооп кайтарды:

– Акыркы эки күндө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилериңиз менен талкууларды өткөрдүм. Президент Трамптын атынан сиз менен сүйлөшүп жатканыма дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Сиздин сурооңузга жооп берермин деген үмүттөмүн. Бирок бир да зайтун алып келген жокмун.

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020

Кыргызстандын чиновниктерин Коопсуздук Кеңешинин чечимин аткарбагандыгы үчүн жазаланат

24.01.2020

ИИМ башчысы катарлык кесиптеши менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өнөктөштүк маселелерин талкуулашты

24.01.2020

Кыргызстандын ТИМдин жетекчиси кыргызстан-тажикстан чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди

23.01.2020

Кеңешчи “зайтун маселесин” президент Дональд Трамптын өзү менен сүйлөшүү ылайык экенин ишарат кылууда. Ал үчүн эки тарап тең жолугууга макул.

Путин 11-ноябрда Парижде бетме-бет сүйлөшүүнү сунуш кылды. Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн бир кылымы белгиленчү ал жыйынга башка лидерлер менен катар Трамп да келет.

– Президент Трамп сиз менен Парижде, элдешүүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатта жолугууну чыдамсыздык менен күтүүдө деп ойлойм. Анткени түрдүү улуттук кызыкчылыктан улам көз караштарыбыз келишпегени менен өз ара кызматташууга мүмкүн болгон тармактарда иштешүү дагы эле маанилүү, – деди Болтон.

Эки өлкө келишпеген жагдайлар аз эмес. Ушу тапта актуалдуусу – Кыска жана орто аралыкка атылуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишим маселеси болуп турат. 1987-жылы кол коюлган ал документке ылайык, 500-5500 чакырымга жете ала турган, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталар жок кылынган жана аларды жасоого тыюу салынган.

Бирок Орусия келишимдеги талаптарды аткарбай, ракеталарды жасап келатканын билдирип, АКШнын президенти андан чыгарын жарыялады. Орусия мындай дооматтарды четке кагып, кайра Кошмо Штаттарды “келишимди бузду” деп айыптап жатат.

Негизи эле планетага бүлгүн салчу куралдарды чектеш үчүн эки өлкөдө бир нече келишим түзүлгөн.

Анын бири – континент аралык баллистикалык ракета баштаган өзөктүк дүрмөттүү куралдардын башка да тибин жок кылуучу СНВ-3. Ага 2010-жылы Обама менен Медведев кол койгон. Келишим 2021-жылы узартылышы керек.

Болтон менен жолугууда Путин “бул келишимди узартпай коюуга ниетиңер бар экенин угуп атабыз” деди. Андан тышкары, “ракетага каршы системанын кай бир элементтерин космоско жайгаштыргысы келет” деп Вашингтонду айыптады.

Куралга байланыштуу ымала эки өлкөнүн эле маселеси эмес. Ал дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн да маанилүү. Өзгөчө Европа сөз болуп жаткан келишимдерди жокко чыгарууну дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч катары баалап, тынчы кетип турган чагы.

АКШнын бийлиги мындай чочулоо негизсиз деп эсептейт. Вашингтон келишимдерге “тушалып” турган шартта Кытай, Иран, Түндүк Корея баштаган башка мамлекеттер ошондой эле ракеталарын арбытып жатканын мисал келтирүүдө. Трамп аларга теңтайлашуу үчүн АКШнын өзөктүк мүмкүнчүлүгүн кеңейте турганын, бул үчүн акчасы көп экенин дүйшөмбүдө айткан.

 

Азаттык Медиа

Белгилер: АКШДональд ТрампкелишимкоопсуздукОрусия
Мурунку пост

Канттагы авиабазанын ролу талкууланат

Кийинки пост

Эксперттер экс-президент берген убадасына турушу керек дешти

Кийинки пост

Эксперттер экс-президент берген убадасына турушу керек дешти

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply