Сокулук районундагы Новопавловка айылында киши өтүүчү жерден 10 жаштагы баланы коюп кеткен милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгынан улам тестиер бала окуя болгон жерден өзүнө келбей каза болгон.
Окуя 29-январда эртең менен саат 7:10 чамасында, Бишкек — Ош жолунун 9-чакырымында болгон. Ал Чүй облустук милициясынын старшинасы экени аныкталган.
“Алдын-ала маалымат боюнча айдоочу соо болгон. Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кызматтык териштирүү да башталды.
Сүрөт: akipress.org