Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова, эки бир тууган агасы Калыбек Салянов, Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча, шектелип кармалганы тууралуу үн катты.
Милициянын версиясы боюнча, Салянов саунадагы видео жазууну өчүртүп салган, ал жерде Салянов эки кыз менен эс алган, ал кыздардын бири Камила болгон.
Аида Салянованын айтымы боюнча агасынын ал видео жазууну өчурүп салууга эч кандай себеп болгон эмес, баардык шектенүүлөр ага каршы болмок. Мындан тышкары, бул саунанын ээси Насыр Алмаматовдун тергөө абагында берген көрсөтмөсү болгон. Андан кийин ал бошотулган жана ал ГРСтин бөлүм башчысы болуп калды деп билдирди. Салянова ал басым астында күбөлүк берген деп эсептейт. Ал ошондой эле, АКШда МВДнын суроосу менен эмес АКШ миграция мыйзамын бузганы үчүн кармалганын баса белгиледи.
Эстете кетсек 19- жаштагы студент Камила Дүйшебаеванын өлүмү 2014-жылдан бери ачылган эмес. Башкы шектүү, Калыбек Салянов, ал кыз менен саунада эс алганы расмий тастыкталган эмес. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Сүрөт: vb.kg