No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 19.02.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Армения: ЖККУнун баш катчылыгы Арменияда калышы керек

19.11.2018

Бул тууралуу Армениянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Зограб Мнацаканян орусиялык ТАСС агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун баш катчылык кызматы Арменияда калышы керек жана уюмдун бирдей укукка ээ болгон алты мүчөсү бул маселени консенсус жолу менен чечиши абзел.

Мунун алдында өткөн аптада Беларустун президенти Александр Лукашенко ЖККУнун жаңы баш катчысы Минсктин өкүлү болушу керек экенин билдирген.

“Армения ЕАЭБди жана ЖККУну башкарууда. Өткөөл мезгилде турган мамлекет үчүн бул чоң жүк. Армения муну тартып кете алабы?”, - деп суроо салган эле Лукашенко. Ал бул сөздөрдү Азербайжандын Минсктеги элчиси менен жолугушууда айткан.

Өз кезегинде Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян беларус президентинин ЖККУнун маселесин анын курамына кирбеген мамлекеттин элчиси менен талкуулаганы үчүн сынга алды.

ЖККУнун баш катчысынын кызматы 2-ноябрдан бери бош турат. Ага чейин бул кызматты Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Юрий Хачатуров ээлеп турган. Бирок анын ыйгарым укуктары Хачатуровго Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу айып коюлганы үчүн расмий Еревандын талабы менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анда кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишинин өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат. Кандуу окуялар боюнча ачылган иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочарянга да «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган» деген айып тагылган. Экс-президент саясий куугунтукка кабылганын айткан.

Булак Азаттык

Tags: АрменияЖККУкатчылык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

The Sun: Зеленский раскритиковал Трампа в Женеве

19.02.2026
Кыргызстан

В Минкультуры предложили разблокировать TikTok в КР

19.02.2026
Кыргызстан

В школе Бишкека произошла драка между учителем и учеником

19.02.2026
Безопасность

WSJ: США начали вывод войск из Сирии

19.02.2026
Новости

Белый дом ответил на слова Зеленского о давлении США

19.02.2026
Новости

Politico: США добиваются исключения Украины из списка гостей саммита НАТО

19.02.2026
Безопасность

NYT: обсуждается создание демилитаризованной зоны на востоке Украины

19.02.2026
Безопасность

WSJ: США усиливают авиационное присутствие на Ближнем Востоке

19.02.2026
Кыргызстан

Жапаров утвердил нового мэра Оша

19.02.2026
Кыргызстан

Женишбек Токторбаев покинул пост мэра Оша

19.02.2026
Аналитика

Кыргызстан и Россия перезапускают строительство Верхне-Нарынского каскада ГЭС

18.02.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире