No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 28.10.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Артта калып өнүкпөгөн аймак

Аймактарды өнүктүрүү жылы аягына чыкканы калды. Бийликтин элге берген убадалары жана билдирүүлөрү менен өлкөнүн реалдуу өнүгүү тенденциясы канчалык шайкеш келип жатат?

Баткен облусу - борбордон эң алыс жайгашкан, жумушсуздуктун айынан жаштарынын көбү сыртта мигрант болуп жүргөн аймак. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылында бийлик түзгөн пландар бул облуста кандайча ишке ашып жатканына кызыгып, жергиликтүү талдоочу Чагылган Юсуповго кайрылдык.

- Пландык негизде иш-аракеттер көрүлүп жаткандыр, - деди ал. - Бирок азыркы мезгилде элдин көзүнө көрүнгөн, алгылыктуу иштер байкалбайт. Баткен районунда, мисалы, быйылкы жылдын эсебинен бир гана өрүк кургатуучу цех курулду. Ал да жеке ишкердин жардамы менен салынды. Кадамжай районунда да ушундай аракеттер болду. Буга чейин да Баткен районунун аймагында өрүк кургаткан эки ишкана ачылган. Бирок ошолор жанданып, ишке кирип кеткен жери жок.

Жыл башында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков облус жетекчилерин кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү аракети ар бир облуста бирден ишкана ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү менен башталышы зарыл экенин айткан. Ал мында жергиликтүү бийликтин ролу чоң экенин белгилеген.

​Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевпрезиденттин бул демилгеси стратегиялык мүнөздөгү кадам болгонун айтып, кийинки кадамдар өкмөттүн ишине жараша болорун кошумчалады:

- “Жумуш орундарын түзүү” деген көрсөткүч экономикада эң биринчи мааниге ээ. Андыктан президентибиздин демилгеси туура эле болду. Стратегиялык демилге десем болот. Бирок ар бир демилгени ишке ашыруу механизмдерин табуу зарыл. Аны өкмөт жасашы керек. Өкмөт болсо эптей албай жатат. “Биз ишкерлерге шарт түзүп беребиз” деп айтып жатат. Кана? Шарт түзүлгөн жок. Кайра “социалдык төлөмдү көтөрөбүз, дивиденддерге, сыйлык акчага салык киргизебиз” деген демилгелерди көтөрүп жатпайбы.

“Өкмөттүн аракеттеринен азырынча майнап жок” деген пикирге экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев да кошулат.

​- Биз баарынан мурун инвестициялык климатты оңдошубуз керек. Ишеним, тынчтык атмосферасы зарыл. Азырынча президенттин айтканы каалоо сыяктуу гана болуп калууда, - деди экономист.

Азырынча кардиналдуу бурулуш жок экенин өкмөт да танган жок. Парламентте бюджетти талкуулап жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев муну моюнга алды:

- 6-7 айда өзгөчө өнөр жай тармагы абдан артка кетти. Кумтөр үчүнчү кварталдан тартып иштей баштады. Адегенде -9% болуп кеткен. Тогуз айдын жыйынтыгы менен -4% болуп жатат. Бирок жылды ички дүң өнүмдүн 2,8% өсүшү менен жыйынтыктайбыз деп жатабыз.

Өкмөт башчысы аймактарда ишкерликти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу багытында көрүлүп жаткан аракеттердин үзүрү келерки жылы байкала баштайт деп эсептейт. Анын айтымында, бул үчүн 2 миллиард сомдон ашуун каражат каралып, каржы булактарын табуунун ыкмалары жолго коюлуп жатат.

​- Маркирлөөнү, электрондук эсеп-фактураны, контролдук-кассалык машинелерди киргизип, бардык операциялар онлайн-режимде жүргүдөй кылганы жатабыз, - деди премьер-министр. - 2019-жылга булактарды аныктоодогу эң чоң максатыбыз – фискалдык системаны киргизүү болот. Бажы системасын да электрондук ыкмага өткөрүү каралууда.

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, быйыл республика боюнча 193 жаңы ишкана ачылып, 2465 жумуш орду түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жакында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кепилдик фондунун, «Айыл банктын» жана «РСК банктын» жетекчилерин кабыл алып, республиканын финансылык институттары аймактарды колдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерге канааттанганын билдирди. Ал жетекчилерди аймактардагы долбоорлорду каржылоону күчөтүүгө чакырды. Жээнбеков өзгөчө көңүлдү логистикалык борборлорду ачууга, өсүмдүк жана мал чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө буруп, экологиялык таза өндүрүмдү кайра иштеткен кыргызстандык ишканалардын экспортко чыгышына жардам берүү зарыл экенин белгиледи.

Булак Азаттык

Tags: аймакайылартта калуу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Бишкеке запустили две новые котельные и модернизировали третью

28.10.2026
Кыргызстан

Победители лотереи грин-карт в США могут столкнуться с задержками при оформлении виз

28.10.2026
Кыргызстан

Жапаров заявил, что его поездки по Кыргызстану не являются предвыборной агитацией

28.10.2026
Безопасность

Победившая на выборах в Сербии группа заявила об отказе от санкций против России

28.10.2026
Кыргызстан

Кыргызстан привлек $710 млн прямых иностранных инвестиций за полгода

28.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане подали документы на участие в президентских выборах два кандидата

28.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане выпустили новые банкноты номиналом 20 и 50 сомов

28.10.2026
Кыргызстан

Кыргызстан планирует закупить 10 самолетов Airbus

27.10.2026
Новости

В Раде призвали допустить Украину и Европу к саммиту Путина, Трампа и Си Цзиньпина

27.10.2026
Кыргызстан

Представители игорного бизнеса Кыргызстана примут участие в саммите в Сочи

27.10.2026
Новости

Армия США отработала организацию временных захоронений погибших военных

27.10.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире