Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 2-ноябрда Жалал-Абад шаарында көчмө жыйын өткөрөт.
Фракциянын катчылыгы билдиргендей, жыйын саат 15.00дө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында болот.
Анда «Кыргызстанда сүткорлукту чектөө жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы, «Маданият-Жалал-Абад» жолунун курулушу, «Дашман» мамлекеттик жаратылыш коругунун иши талкууланат.
Булак: Азаттык Медиа