No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 08.06.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяны текшерилүүдө

Бүгүн Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Мекеменин адистери көпчүлүк учурда тийиштүү нормадан ашыкча уулуу зат бөлүп чыгарып жаткан машинелер эскиргенин же алардын техникалык абалы начар экенин белгилейт. Инспекторлор жүргүзүп жаткан рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди.

Автоунаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу атайын жабдык менен текшерилет. Эгер жеңил машиненин түтүнүн өлчөгөндө жабдыктын көрсөткүчүндөгү пайыз 40дөн ашса, ал нормадан ашыкча деп эсептелет. Рейд учурунда эски маршруттук унаалардын көрсөткүчү 80-90го чейин жеткен учурлар болду. Алардын айдоочуларына 1000 сом айыппул салынды. Мыйзамга ылайык эгер бир эле автоунаа бир айдын ичинде эки жолу ошол эле көрсөткүч менен кармалса, унаа токтотуучу жайга жеткирилет.

Мындай рейддер жыл сайын өткөрүлүп турат. Акыркы убакта Бишкек шаарынын үстүндөгү бозоргон түтүн (смог) жарандардын тынчын алып, экологиялык маселеге коомчулуктун көңүлүн бурду. Айрым экологдор абадагы зыяндуу заттардык концентрациясы нормадан бир нече эсе көп экенин айтышууда.

Tags: Бишкеккоопсуздук

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Строительный бум стал главным драйвером экономики Кыргызстана

08.06.2026
Кыргызстан

Садыр Жапаров сменил руководство Координационного центра по кибербезопасности

08.06.2026
Кыргызстан

Министр строительства проверил ход работ в новом районе Алтай

08.06.2026
Безопасность

Мощное землетрясение магнитудой 8,1 произошло на Филиппинах

08.06.2026
Кыргызстан

Звезда фильма «Амели» Одри Тоту посетила Кыргызстан

08.06.2026
Безопасность

Турецкая партия Vatan призвала прекратить военное сотрудничество с Украиной

08.06.2026
Безопасность

В Чуйской области ликвидирована подпольная нарколаборатория

08.06.2026
Безопасность

Жители Бишкека могут сообщать о коррупции по телефонам доверия

08.06.2026
Кыргызстан

Селевой поток в Иссык-Кульской области унес жизни двух человек

08.06.2026
Кыргызстан

Кыргызская спортсменка будет выступать в Orka Wrestling League

08.06.2026
Новости

Более 2,4 млн граждан получили право голоса на выборах в Армении

08.06.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире