No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Вторник, 10.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Билаш: Кытайда 50 миңден ашык кыргыз камалганы тууралуу маалымат бар

21.11.2018

Кытайда кармалган кыргыздардын саны 50 миңден ашып кетти. Бул тууралуу Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмунун өкүлү, активист Серикжан Билаш «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, аталган уюмга камакка алынган кытайлык кыргыздардын саны тууралуу кабар эки ай мурда келген. Эки айдан берки кармоолорду эске алганда камакка алынгандардын саны мындан бир топ көп болушу мүмкүн. Билаштын маалыматына караганда, акыркы кездери маалымат каражаттарында Кытайда жалаң гана мусулмандар, динчилдер кармалып жатат деген туура эмес кабар тарап жатат:

​- Кызыл-Сууда кыргыздардын интеллигенттери, жазуучулар, акындар, гезит-журналардын журналисттери, редактору камалганын эшиттим. Бирок аты-жөндөрүн, фамилияларын так билбейм. Шинжаңда жалаң гана мусулмандар кысымга учурап жаткан жок. Кытайлар менен дини бир болгон Тибетте жүз миңдеген монголдорду кармап, түрмөгө тыгып атышат. Кытайдын өзүндө миллиондогон христиан-католик евангелисттер бар. Аларды кармап жатышат. Кытайдын өзүндө демократтар да камалууда.

Серикжан Билаш Кытайда камалган казактар беш жүз миң чамалуу деп айтылганы менен иш жүзүндө алардын саны жети жүз миңге жакын экенин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районунда 160 миңге жакын кыргыз жашайт.

Кыргызстанда да Кытайдан көчүп келген кайрылмандар ал жакта калган жакындары кармалып жатканын айтып келишет. Алардын бир тобу кыргыз бийлиги тараптан расмий жооп болбой жаткандыктан, туугандарын табуу аракетинде Казакстандагы “Ата-Журттун ыктыярдуу жаштары” уюмуна кайрылышкан. ​

Шинжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.Куугунтукка кабылып жаткандар «саясий тарбия берүүчү лагерлерди» «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттап келет.

Булак Азаттык

Tags: КыргыздарКытайэтникалык кыргыздар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире