Без рубрики

Бишкектин тургундарын шаар күнүнө арналган майрамда, жылдыздар Согдиана жана «Ялла» тобу куттуктайт

Маданият бөлүмүнүн башчысы, Урмат Белекбаев Шаар күнүнө арналган майрам кандай болоорун айтып берди.

Учурда борбордо жана борбор калаанын бардык райондорунда концерттик программаны иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой, майрам 29-мартта саат 19:00 Ала-Тоо аянтында башталат, бул майрамга чет өлкөлүк жылдыздар – россия ырчысы Согдиана жана узбек тобу «Ялла». Андан сырткары чакырылган жылдыздардын ата мекендик таанымалдар – «Инсан» тобу, «Элес» тобу, Гульнур Сатылганова, Мирбек Атабеков.

Кечки майрам маалында шаардыктарды сегиз мүнөттүк түстүү фейерверк күтөт.

Сүрөт: vesti.kg