No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 26.10.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Фарид Ниязов: Токтакунов жарыялаган документте айтылгандар чын

КСДПнын өкүлү, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо учурундагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документте чыныгы ысымдар жана иш-чаралар жазылганын билдирди.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тараткан билдирүүдө Ниязовдун комментарийи келтирилген:

«Мен штабды башкарып, анын ишин уюштуруп жүргөм. Бирок шайлоо өнөктүгүн каржылоо менин милдетиме кирчү эмес. Президенттикке талапкер ал маселелерди штабдагы башка эки жооптуу адам менен талкуулачу. Биз ал материалдарды кылдат изилдеп жатабыз. Документтеги ысымдар жана иш-чаралар реалдуу экенин мойнума алам. Даталар да туура көрсөтүлгөн. Анын ичинде мен тууралуу да. Башка даталар жана сандар тууралуу документте аты аталгандардан сурап, тактаса болот. Мен башкарган штаб шайлоо мыйзамдарынын алкагында иш алып барган. Менин бир да кызматкерим мыйзам бузамак эмес. Анын үстүнө мунун баарына биздин юристтер, БШК жана башка талапкерлердин штабдары көз салып турган».

КСДПнын билдирүүсүндө Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын суроолоруна жооп берери жана анын жүрүшүндө жарыяланган документ тууралуу да сөз болору айтылган. Маалыматка ылайык маек дүйшөмбү, 19-ноябрь күнү обого чыгат.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен.

Булак Азаттык

Tags: Сооронбай ЖээнбековФарид Ниязовшайлоо

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Бакинская декларация открывает новые возможности для сотрудничества стран Азии

23.10.2026
Безопасность

В ЕС ожидают роста протестной активности на фоне подорожания энергии

23.10.2026
Кыргызстан

Жапаров заявил, что работает по 20 часов в сутки и спит четыре часа

23.10.2026
Кыргызстан

Главы МИД Кыргызстана и Грузии обсудили развитие торгово-экономического сотрудничества

23.10.2026
Кыргызстан

Жапаров рассказал, как в Ошской области землю раздавали за килограмм плова

23.10.2026
Безопасность

Путин заявил о готовности России возобновить переговоры по Украине с участием США

23.10.2026
Безопасность

В Бишкеке произошел пожар на рынке «Джунхай» рядом с «Дордоем»

23.10.2026
Кыргызстан

В Бишкеке планируют расширить список причин для эвакуации автомобилей

23.10.2026
Кыргызстан

Школе в Канте присвоили имя Героя Труда Кыргызстана Токтогон Алтыбасаровой

23.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане планируют увеличить финансирование развития государственного языка до 577 млн сомов

23.10.2026
Кыргызстан

В ЕАЭС планируют обновить правила создания электронных паспортов транспортных средств

23.10.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире