No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 18.12.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Интерполдун жаңы президенти болуп, Ким Чон Ян шайланды

21.11.2018

Дубайда өтүп жаткан жыйында Интерполдун жаңы президенти болуп бул уюмду убактылуу жетектеген түштүк кореялык Ким Чон Ян шайланды. Бул тууралуу эл аралык уюм «Твиттер» баракчасына жарыялады.

Ага атаандаш болуп Интеполдун вице-президенти, орусиялык генерал Александр Прокопчук талапкерлигин койгон. Өткөн аптада «төрагалыкка генерал Александр Прокопчук келиши ыктымал» деген маалымат тараган соң бул талапкерге каршы үндөгөндөр күчөдү. «Москва саясий оппоненттерине каршы күрөштө эл аралык агенттикти пайдаланат» деген дооматтар буга чейин көп айтылып келген.

Кечээ добуш берүүдө Косово эл аралык уюмга үчүнчү ирет мүчө боло албай калды. 68 мамлекет анын талапкерлигин колдосо, 51 өлкө каршы чыкты. 16 мамлекет арсар добуш берди. Уюмга мүчө болуш үчүн жалпы добуштун үчтөн экисин алуу зарыл.

Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан уюм өз курамындагы мамлекеттерге кылмышка шектүү кишилерди издеп табууга көмөктөшөт. Агенттик өзү кимдир-бирөөнү камакка ала албайт. Уюмдун уставы ошондой эле саясий, диний, расалык мүнөздөгү иштер менен алектенүүгө жана андай маселелерге кийлигишүүгө тыюу салат.

Интерпол мурдагы жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кеткенин 7-октябрда жарыялаган. Ага чейин ал сентябрдын аягынан бери мекенине кеткен бойдон бир нече күн дайынсыз болгон.

Кийин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы «Коррупция» беренеси менен иш козголгонун билдирди. Ал «кылмыштуу ишмердик менен алектенген» деп шек менен камакта жатат.

Tags: жаны жетекчиИнтерполКим Чон Ян

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Трамп предупредил о риске третьей мировой войны из‑за эскалации на Украине

17.12.2025
Безопасность

Минкульт Кыргызстана объяснил отмену концерта Валерия Меладзе

17.12.2025
Безопасность

ГКНБ обнаружил схрон оружия на окраине Балыкчи

17.12.2025
Кыргызстан

Нурланбек Тургунбек уулу вновь выдвинут на пост спикера Жогорку Кенеша

17.12.2025
Кыргызстан

Жапаров заявил о резком снижении внешнего долга Кыргызстана

17.12.2025
Новости

Снижение рейтинга Euroclear грозит бегством капитала - РФПИ

17.12.2025
Новости

Президент Польши обвинил Зеленского в неблагодарности за помощь

17.12.2025
Кыргызстан

Кыргызстан установил рекорд по экспорту цветов

17.12.2025
Безопасность

ГКНБ задержал бизнесмена за финансирование ОПГ Кольбаева

17.12.2025
Кыргызстан

В Кыргызстане начал работу парламент восьмого созыва

17.12.2025
Безопасность

Зеленский заявил, что Украина не выстоит без замороженных активов России

17.12.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире