No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Йемен боюнча эки жылдагы алгачкы тынчтык сүйлөшүүсү башталууда

06.12.2018

Йемендеги жарандык согушту токтотуу аракетинде акыркы эки жыл ичиндеги алгачкы сүйлөшүүлөрдү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уюштурууда. Жаатташкан тараптар бул жолу Швецияга чогулду.

Сүйлөшүүлөр бүгүн башталганы турат. БУУ буга чейин да бир нече айлампа сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, бирок мунаса табылган эмес.

БУУ азыр сунуш кылып жаткан план ок атышууну токтотуу менен катар Йеменде өткөөл өкмөт түзүүнү камтыйт.

Йемендеги азыркы жарандык согуш 2014-жылдын соңунда башталган. Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турушат.

Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтириш үчүн хуситтерге каршы аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жете элек.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келген.

Бирок аскердик жаңжалдарга көз салган ACLED (Armed Con­flict Loca­tion & Event Data Project) уюму 10-ноябрда Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен жоочуларды кошо эсептегенде 57 миң 538 кишинин өмүрү кыйылганын, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн экенин жарыялаган.

БУУ Йеменде согушту ачарчылык коштогон кырдаалды “эң оор гуманитардык кризис” деп атаган.

Tags: Йеменкелишимсогуштынчтык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире