No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 24.01.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Йенс Столтенберг: Орусия менен диалог зарыл

06.11.2018

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия менен диалог зарыл экендигин дагы бир жолу билдирди. «Бардык саясий чыңалууга карабастан, Батыш маселе чечиш үчүн Москва менен тил табышып келе жатат» деп айтты Түндүк Атлантикалык Альянстын башчысы «Neue Osnabrück­er Zeitung» немис гезити менен болгон маегинде. Ошол эле кезде, Столтенбергдин сөзүнө караганда, Батыш ишенчээк болбой, биримдикте турушу зарыл.

НАТОнун баш катчысы буга чейин Орусияны «Батыш мамлекеттеринин чек арасына жакын келип, өзөктүк ракеталарын жайгаштырып жатат» деп айыптаган. Столтенберг Түндүк Атлантикалык Альянс тирешүүгө барбай турганын, бирок кандай гана коркунуч болбосун, өз өнөктөштөрүн коргой турганын да билдирген.

Орусия менен НАТО соңку бир канча жылдан бери бири-бирин «чагымга жана агрессияга жол берди» деп айыптап келатышат.

Түндүк Атлантикалык Альянстын мүчөлөрү Орусиянын 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялаганын, Украинанын чыгышында болуп жаткан тирешүүдөгү болжолдуу ролун кескин сынга алышкан. Өз кезегинде Москва НАТОнун Советтер Союзу ыдырагандан кийин Варшава пактына кол койгон мамлекеттерде жана Балтика өлкөлөрүндө өз таасирин күчөткөнүн чагымчыл аракет катары мүнөздөп келет.

НАТО ушул күндөрү “Кансыз согуш” аяктагандан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат. 25-октябрда башталган аскердик иш-чарага 65 кеме, 250 учак жана тик учак, 10 миң аскердик унаа жана 50 миң жоокер тартылган. Машыгуунун биринчи фазасы 7-ноябрга чейин, экинчиси 13-ноябрдан 24-ноябрга чейин созулары кабарланган.

Булак Азаттык

Tags: Йенс СтолтенбергкоопсуздукНАТООрусия

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Новости

В Абу-Даби прошли закрытые переговоры России, США и Украины

24.01.2026
Кыргызстан

Потребление электроэнергии в Кыргызстане выросло более чем на 25 процентов

24.01.2026
MOSCOW, RUSSIA — MAY 4, 2021: T-72B3 tanks are seen in Krasnaya Presnya Street as they head to Red Square for a night rehearsal of the Victory Day military parade marking the 76th anniversary of the victory in WWII. Sergei Fadeichev/TASS

Россия. Москва. Танки Т-72Б3 на улице Красная Пресня перед ночной репетицией парада, посвященного 76-й годовщине Победы в Великой Отечественной войне. Сергей Фадеичев/ТАСС
Безопасность

Пентагон признал устойчивость России в условиях конфликта в Украине

24.01.2026
Новости

США обсуждают морскую блокаду Кубы

24.01.2026
Кыргызстан

Талант Эралиев возглавил Национальный центр кардиологии

24.01.2026
Экономика

Кыргызстан сохраняет лидерство в регионе по темпам экономического роста

23.01.2026
Безопасность

Россия будет добиваться целей СВО до решения территориального вопроса - Ушаков

23.01.2026
Безопасность

ЦРУ готовит коррупционные обвинения против Зеленского - экс-аналитик

23.01.2026
Кыргызстан

Представитель Кыргызстана возглавил департамент статистики ЕЭК

23.01.2026
Новости

США предлагают разделить ресурсы Гренландии в рамках партнёрства

23.01.2026
Безопасность

В Бишкеке на ключевых перекрёстках запустили новые комплексы фиксации нарушений

23.01.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире