No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Воскресенье, 26.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Кабулдагы кол салууда 55 киши каза болду

Ооган бийлиги Кабулдагы кол салуунун артында тургандарды аныктоо аракетин көрүп жатат. Кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылган жардыруу диниятчылардын жыйыны өтүп жаткан чакта болгон.

Шейшемби күнү Уламалар кеңеши Мухамед пайгамбардын туулган күнүн белгилөө үчүн Ооганстандын булуң-бурчунан суннилердин диний аалымдарын Кабулга чакырган.

Бүгүнкү күнгө карай айтылган маалыматка ылайык, бери дегенде 55 киши каза таап, дагы бир топ киши жарадар болду. Коопсуздук органдары бул кандуу терактты ким уюштурганын аныктоо менен алек.

«Талибан» кыймылы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун согушкерлери суннилерди бутага алган учурлар Ооганстанда көп кездешет. Бул ирет талибдер Кабулдагы кол салууга тиешеси жоктугун дароо билдиришти.

Кыймылдын маалымат катчысы Забихулла Мужахид 20-ноябрдын кечинде «Талибан» карапайым кишилерге же диниятчыларга каршы «чабуулдарды айыптайт» деп билдирди.

Ооган президенти Ашраф Гани 21-ноябрда өлкө боюнча аза күтүү жарыялады.

АКШнын Кабулдагы элчиси Жон Басс “теракт аны кайгыга батырганын” «Твиттерге» жазды.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы “өлкөдөгү жамааттар ушундай маанилүү диний майрамды белгилеп жатканда жардыруу уюштуруу абдан өкүнүчтүү» деп билдирди.

НАТО согуштук операцияларды расмий аяктаган 2014-жылдан бери ооган жергесиндеги коопсуздук начарлап жатат.

 

Tags: афганистанАшраф ГаниКабул

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане установят около 20 тыс камер видеонаблюдения

25.07.2026
Безопасность

В Бишкеке предотвратили попытку организации незаконного митинга

25.07.2026
Кыргызстан

Кулубаев и Ван И обсудили подготовку визита Си Цзиньпина в Кыргызстан

25.07.2026
Кыргызстан

Спрос на соки из Кыргызстана за рубежом увеличился впятеро

25.07.2026
Кыргызстан

Ледники Кыргызстана за 70 лет сократились на 16%

25.07.2026
Кыргызстан

В Бишкеке установлен температурный рекорд за последние сто лет

25.07.2026
Аналитика

Кыргызстан и Узбекистан создают новые экономические маршруты Центральной Азии

24.07.2026
Кыргызстан

Из Кыргызстана с начала года выдворили более 450 иностранцев

24.07.2026
Безопасность

Главком ВСУ Драпатый резко высказался о жителях Донбасса

24.07.2026
Безопасность

В Кыргызстане зафиксировали рекордное число селей с начала года

24.07.2026
Безопасность

Жапаров призвал укрепить ШОС перед лицом новых угроз

24.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире