No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 11.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Казакстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы чараларын туура көрдү

07.11.2018

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, расмий Астана Кытайдын бийлиги Шинжаң автоном районунда көрүп жаткан чаралар саясий туруктуулукту жана коомдук тартипти сактоого багытталган деп эсептейт.

Бул тууралуу Казакстандын БУУдагы өкүлү Жанар Айтжанова Адам укуктары боюнча кеңеште Кытайдын баяндамасын талкуулоо учурунда билдирген.

Казакстандын БУУдагы өкүлүнүн айтымында, учурда Кытайда 1,6 миллион казак жашап жатат.

Кытайдын баяндамасын талкуулоо БУУнун Женевадагы кеңсесинде тибеттикттер, уйгурлар, түркмөндөн, казактар катышкан нааразылык акциялары менен да коштолду.

Талкуу учурунда Батыш өлкөлөрү Кытайды Шинжаңда массалык камоо менен кармоону токтотууга чакырышты. “Биз Кытай өзгөчө Шинжаң-уйгур автоном районунда уйгурларды, казактарды, мусулман азчылыктарынын башка өкүлдөрүн кысымга алып жатканына кабатырбыз”, - деди АКШнын өкүлү Марк Кассайре.

Буга чейин БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Шинжаңда уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам аймакка алардын байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.

Ал эми Кытайдын улуттук азчылыктар саясаты боюнча Батыш эксперттери жандоочтон алынган сүрөттөргө таянуу менен Шинжаңдын аймагында адамдар жапырт кармалган 1000-1200дөй жай бар деп божолдошкон. «Ал жайларда бир миллиондой киши кармалып турат» деген эсептерге БУУ да кошулган.

Казакстанда Кытайдан көчүп келген казактар Шинжаңда камакта калган туугандарын бошотууга расмий Астанадан, БУУдан, Европа өлкөлөрүнөн жардам сураган акцияларды жыл башынан бери утур-утур өткөрүп келатышат.

Булак Азаттык

Tags: БууКазакстанКытайшинжан

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

От революции 1979 года до войны. История конфликта США и Ирана

10.03.2026
Новости

Трамп не смог убедить Индию отказаться от российской нефти

10.03.2026
Кыргызстан

ЦИК досрочно прекратил депутатские полномочия Конгантиева

10.03.2026
Кыргызстан

Депутат Куванычбек Конгантиев решил сложить полномочия

10.03.2026
Безопасность

Минсельхоз КР опроверг сообщения о вспышке ящура

10.03.2026
Кыргызстан

Минздрав КР предложил повысить акцизы на сладкие напитки

10.03.2026
Безопасность

SIPRI зафиксировал сокращение поставок оружия Украине в 2025 году

10.03.2026
Кыргызстан

Байсалов призвал избрать женщину на пост генсека ООН

10.03.2026
Безопасность

Путин и Трамп обсудили Украину, Иран и ситуацию на мировых рынках нефти

10.03.2026
Безопасность

Трамп заявил, что война с Ираном близка к завершению

10.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ввел шестимесячный запрет на экспорт скота

10.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире