Ош шаарында 16 жаштагы кыздын көз жарганы боюнча териштирүү иштери улантылууда. Кызды 15 жашында күйөөгө берген ата-энеге жана нике кыйган имамга кылмыш иши козголо турганын 7-ноябрда облустук милициядан кабарлашты.
“Учурда бул факт боюнча териштирүү улантылып жатат. Иликтөө иштеринин алкагында, көз жарган 16 жаштагы эне 15 жашында турмушка чыкканы аныкталды. Ал бир жылдай убакыттан бери күйөөсү менен жашап келгендиги да белгилүү болду. Кыздын ата-энеси аны 9-классты аяктаган соң эле турмушка берип койгондугун билдиришти. Алардын айтымында, кыз мектепте окубай калгандан кийин аны турмушка узатышкан. Учурда кыз менен күйөөсүнүн никесин кыйган имамды, анын күйөөсүн, эки тараптын ата-энелерин жоопко тартуу маселеси каралууда. Жакынкы убакыт аралыгында чогултулган материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилип, кылмыш иши козголот”, – деп билдиришти облустук милициядан.
Белгилүү болгондой, 2002-жылы туулган жаш эне Өзгөн районунун тургуну. Ал Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 28-октябрда көз жарган. Кыз алгач жашын жашырып, кийин төрөт үйүнөн чыгып жатканда жашы жетек элек экендиги белгилүү болгон.
Булак Супер кж