Тажикстанда соңку тогуз ай ичинде “Ислам мамлекети”, “Ансоруллох” радикал топторуна кошулуп кеткен 160 адам мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрдин кеңешчиси Кудратулло Гуломов “мекеме жүргүзгөн агартуучулук иштердин натыйжасында акылдан адашкан журтташтар кайтып келди” деп эсептейт. Гуломов ошондой эле тогуз ай ичинде чет жактардагы диний окуу жайларында билим алып жүргөн 68 окуучу да кайтканын кошумчалады. Бийликтин өкүлү четтеги радикал топтордун катарына кошулуп кеткендердин туугандары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эгер алар өз ыктыяры менен кайтып келип, жасаган иштерине өкүнөрүн билдирсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгын белгиледи.
Тажик бийлигинин маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобуна Тажикстандын 1900дөй жараны кошулуп кеткен. Алардын 400дөн ашууну аялдар жана балдар. Согушта жалпысынан 300дөй адам окко учкан.
Азаттык