Башкы машыктыруучу Александр Крестинин, басма сөз жыйынында, Азия Кубогу 1/8 финалында эмнелерди күтүп жаткандыгы тууралуу ой бөлүштү. Бүгүн, Бириккен Араб Эмираттары командасы менен жолугушуу өтөт.
Мелдеш 21-январда, Бишкек убактысы менен 23:00 өтөт. Александр Крестинин Кыргыз Республикасынын курама командасы плей-оффко чыкканына бактылуу экендигин кошумчалады. Эми бул мелдешти утуп алуу гана калды.
«Кызыктуу оюн болуусу күтүлүүдө. Атаандаш-бул турнирдин кожоюну. Бирок бизди бул нерсе коркута албайт. Алардын утушуна эч кандай кепилдик жок. Азия кубогу биздики болушу мүмкүн жана керек болсо болот! Албетте, биздин жалындуу күйөрмандарыбыздын колдоосу биздин курама командага жардам берет. Биз өзүбүзгө ишенебиз жана бул оюнда биздин күйөрмандарды таң калтырабыз» деп билдирди Крестинин.
Басма сөз жыйындарында ошондой эле команданын чабуулчусу Виталий Люкс болду. Анын, Филиппин курама командасынын дарбазасына тебилген голдору. Плей-оффко жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук командасына жардам берди.
Сүрөт: for.kg