Бүгүн, “Сосновка” өткөрүү пунктунун салык кызматкерлери тарабынан белгиленген талаптарды бузуу менен жарым чиркегич-цистерна, 38 000 литр дизелдик күйүүчү зат салык кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын салык кызматы билдирди.
Авто унаа салык кызматы тарабынан контролдоо боюнча рейд учурунда кармалган.
Териштирүү учурунда маалым болгондой, эч кандай тиешелүү документтери жок унаа Бишкек-Ош багытында бара жаткан. Ошондой эле текшерүү учурунда маалым болгондой, толтургуч жана төгүүчү моюнунда пломбасы номери астында үзүлгөн болгон.
Авто унаа жагдайларды аныктоого чейин айып токтотуучу жайга жеткирилген. Сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Сүрөт: carfromjapan.com