Бишкекте, эркек киши жакын досунун аялын зордуктоого аракет кылган, бирок пландары ишке ашпай калган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тез арада келип калганына байланыштуу максаты ишке ашпай калган.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын 38-жаштагы тургунуна карата 1-декабрда макулдугу жок жыныстык катнашка кирүү максатында физикалык күч колдонуп, зордуктоого аракет кылган.
Тергөөдө маалым болгондой, жубайлар, шектүү менен чогуу спирт ичимдиктерин ичип жана жабырлануучунун батирине барууну чечишкен. Үй-бүлөнүн башчысы уктап жаткан учурда, анын досу зордуктоого аракет кылган.
Бактыга жараша, тез арада полиция кызматкерлери келип-чабуулдук, иш токтоп калган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөт: akipress.org