«Жардам берүү оңой» коомдук фондунун башчысы Динара Аляева бул туурасында рак оорулуу бала өзүнүн белегинен баш тартып, аяз атадан, башка муктаж балдарга дары-дармектерди берүүсүн суранган, жана бул тилек ишке ашышы үчүн адамдар 100 миң сом чогултушкан.
Тиешелүү маалымат, анын Facebook баракчасында жарыяланган.
Ноябрдын аягында, фонд онкология бөлүмүндөгү кичинекей балдарга жаңы жылдык белектерди топтоо учүн акция уюштурган. Тейсхан аттуу бала өзүнүн белегинен баш тартып, ал башка балдарга дары сатып алуусун суранды.
«Ошентип, Тейсхан рак ооруулуу балдар үчүн, эң кымбат, жаңы жылдык белек чогултту. Чогултулган каражат 100 миң сомдон ашуун чогултулган. Адамдар фонддун кеңсесине азыр да дары алып келишүүдө», – деп жазат Аляева.
Ал белгилегендей, эгерде Тейсхан болбосо, адамдар билмек эмес көпчүлүк балдар дарыга муктаж экенин. Алар узак убакыт 6-меркаптопурин ичишет. Анын айтымында, ал бир топ кымбат турат жана жергиликтүү дарыканаларда — 1 300-1 500 сом турат 25 таблеткасы, Алматыда 500 сомго алса болот, ал эми Индияда болжол менен бир жарым миң сомго сатып алса болот 100 таблеткасын.
Аляева каражатты чогултуу улантылып жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда 52 баланын үчөө, фонд тарабынан чыгарылган тизмеден азырынча белексиз калышууда.
Сүрөт: akzent.zp.ua