Бишкекте, 8-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси, Дональд Лу менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташуусунун азыркы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды деп билдирди. Мындан тышкары, суроолор экономика чөйрөсүндө жана укуктук базаны бекемдөө жөнүндө болду.
Ошондой эле, эки тарап Ооганстандагы АКШнын глобалдуу ишинин таризинин мазмуну боюнча өз ара пикир алышты.
Сурет: kg.akipress.org