Бишкекте “Абактарды натыйжалуу башкаруу боюнча Борбор Азия диалогу” аттуу эл аралык жыйын өтөт. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын жаза аткаруу кызматтарынын өкүлдөрү катышат. Мындан сырткары Британиядан, Польшадан, Мароккодон жана Иорданиядан эксперттер чакырылган.
Кыргызстандагы “Абактарды реформалоо” долбоорунун башчысы Данияр Акматалиевдин айтканы боюнча, терроризм жана экстремизм менен камалгандарды кармоо шарттары туурасында талкуу жүрөт.
“Түрмөлөрдө радикалдашуу күчөп жатат” деген маалыматтардан улам диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо тажрыйбасы 2016-жылдын соңунда башталган. Кылмыштын бул түрү менен соттолгондор башка абактагыларды үгүттөп, абак жайларында өз катарын калыңдаткан учурлар байкалган.
Расмий маалыматка караганда, 2016-жылы өлкөнүн жабык жайларында “Терроризм” жана “Экстремизм” беренелери менен соттолгон 170 киши кармалса, 2017-жылы алардын саны 185ке жеткен.