Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын алкагында адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык тутуму жөнүндө убактылуу жобого кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Жобонун негизги максаты-биздин мамлекеттин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат алкагында адам ресурстарын башкаруу боюнча жаңы маалыматтык системаны киргизүү. Жаңы системада маалымат технологиялары жана адам ресурстарын башкаруу системасынын ишин регламенттөө колдонулат.
Бул системага бүгүнкү күнгө карата 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараттары жана Бишкектин жана Талас шаарынын акимдеринин аппараттары кошулду. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре системага Кыргызстандын бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарын кошуу пландаштырылууда.