Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден, Ысык-Көл областындагы көрүстөндү талкалаган вандалдарды табуу тапшырмасы берилген.
Кыргызстанда каза болгондорду сыйлоо, эскерүү маанилүү. Вандалдык көрүнүш бул өлкө үчүн терс көрүнүш.
“Ошондуктан, күнөөлүүлөрдү жазалоо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сынган мүрзөлөрдү калыбына келтирүү боюнча көмөк көрсөтүүсү керек”, деп билдирди Абылгазиев.
Акыркы мезгилде, Ананьево айылындагы христиан көрүстөнүн 30-га жакын кресттер жана мрамордон жасалган эки эстеликти талкалап кетишкен.
Сүрөт: for.kg