ЭАЭБ алкагында колдоо институтун түзүү демилгеси колдоо таппай жатат. Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
«Буга чейин Кыргызстан тараптан ЕАЭБ алкагында өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүү демилгеси берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин сунуш колдоо таппай келет. Мүчө мамлекеттер буга кызыктар болбогонун көрүп турам. Ошондуктан комиссия бул багыттагы ишти тездетүүнү өтүнөбүз», — деди.