Кыргызстан премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловдун, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун талапкерлигин көрсөттү.
Мурдагы депутат Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Эреже боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерди өкмөт башчы сунуштап, парламент бекитет. Жогорку Кеңеш бул маселени качан карай турганы азырынча белгисиз.
Улукбек Кочкоровду колдоп берүү тууралуу премьердин каты парламенттеги тармактык комитеттерге келип түшкөнү кабарланды.
44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Ата Журт” партиясынан депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Учурда “Жаңы доор” саясий партиясын жетектейт.
Ал эми Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунуштады.
Азамат Жаманкулов ушул кезге дейре министрдин орун басары жана мекеменин алдындагы Туризм департаментин жетекчиси болуп иштеп келген.