Адилет министирлиги жана “Кыргызстандын юристтери” Ассоциациясы менен Legal Tech Улуттук юридикалык форумун өткөрдү. Бул тууралуу Өзгөчө ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын темасы:”Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөдө маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын ролу”.
Форумга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, укук коргоо системасын жана сотторду санариптештирүү тармагында эл аралык адистер, ошондой эле юридикалык коомчулуктун жана бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.
Адилет министри Марат Жаманкулов катышуучуларга “ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталын” киргизүү боюнча пландаштырылган аракеттер жөнүндө айтып берди.
“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү документациянын электрондук форматына өтөөдө гана эмес, мамлекеттик органдардын ичиндеги процедураларды өзгөртүүдө да болуп жатат. Бул жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт”, – деп белгиледи Джаманкулов.
Форумдун жүрүшүндө Адилет министрлиги жана “Кыргызстандын юристтери” Ассоциациясы өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюшту. Ал Кыргыз Республикасында мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө максаттары үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча көмөк көрсөтүү ниетин билдирет.