Бир килограмм, алты жүз грамм алтынды уурдоого аракет кылгандыгы үчүн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Алтынды ОАО “Кыргызалтындын” филиалынан уурдоого аракет кылган.” Бул тууралуу, sputnik.kg агенттиги маалымат берген.
Буга чейин депутаттардын бири заводдун аймагынан, 1,6 кг таза алтын табылганын айткан. – “Кыргызалтындан” маалымдашкандай ,катылган металлды коопсуздук кызматкерлери табышып, башчысына муну кабарлаганын түшүндүрдү. Ички кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар кызматкерлер кызматынан бошотулду.
ОАО “Кыргызалтын” “ишканасынын башкармалыгы кызматтык териштирүү иштерин укук коргоо органдарына өткөзүп берген эмес. Белгисиз адамдар аркылуу баалуу металлды уурдоо аракети болгон, бирок кылмыш болгон эмес. Мындан улам алардан көз каранды болбогон жагдайлар боюнча бул иш аягына чейин жеткирилген эмес”, – деп айтылат билдирүүдө.
Башкы прокуратура 39-200 “уурдоо” беренеси жана 233 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “кандайдыр бир соода же башка уюмдарга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген кылмыш ишин козгогон. Сотко чейинки териштирүү иштери тергөө органдарына тапшырылган.
Сүрөт: kommersant.uz