Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан “Айка” тасмасы Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, фестиваль Германиянын Котбус шаарында өтүп, баш байге үчүн 40 мамлекеттен 190 тасма ат салышкан. Фестивалдын жыйынтыгында кыргыз кызы тууралуу тартылган тасма баш байгени жана калыстардын атайын белегине ээ болгон.
Тасманын режиссёру Сергей Дворцевой “Мен режиссёрлук кылган тасмалар эл аралык сынактарга катышып келет. Катышуунун өзү чоң белек болуп эсептелет. Эгерде байгеге ээ болсоң анда көрөрмандар сенин эмгегиңди баалап жатканына ынанасың. “Айка” тасмасындагы кыргыз кыздын ролун каза актрисасы Самал Еслямова жараткан. Мен анын мыкты деңгээлде образды ачып берерине ишенгем. Анткени Самал чыныгы талант”, – деген.
Белгилей кетсек, кыргыз кызы тууралуу тартылган тасма 71-ирет өткөрүлгөн Канн кинофестивалына катышып, “Алтын бутак” сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, “Мыкты актриса” наамына татыган
Булак Супер инфо