No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Суббота, 18.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

АКШ менен Орусиянын чымчышкан диалогу

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон эки күнүн Орусияда өткөрүп, өлкөнүн аскердик жетекчилерине, президент Владимир Путинге жолукту. Анда эң башкы жаңылык эки өлкө лидеринин кезектеги жолугушуусунун датасы болду.

Саясий диалог учурундагы тамаша же такмаза эзелтен бар. Бул жолугушуу да чымчылашуу менен өттү.

- Жаңылбасам, Кошмо Штаттардын гербинде суу бүркүтүнүн элеси бар. Бир чеңгелинде 13 жебе, экинчисинде тынчтыкты сүйгөн саясаттын белгиси катары 13 зайтуну бар бутак турат. Суроом: силердин бүркүт зайтундун баарын чокуп жеп, жебелер эле калдыбы?

Президент Владимир Путиндин көптү кыйыткан бул сөзүнө Жон Болтон сыпаа, бирок түшүнүктүү жооп кайтарды:

- Акыркы эки күндө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилериңиз менен талкууларды өткөрдүм. Президент Трамптын атынан сиз менен сүйлөшүп жатканыма дагы бир жолу ыраазычылык билдирем. Сиздин сурооңузга жооп берермин деген үмүттөмүн. Бирок бир да зайтун алып келген жокмун.

Кеңешчи “зайтун маселесин” президент Дональд Трамптын өзү менен сүйлөшүү ылайык экенин ишарат кылууда. Ал үчүн эки тарап тең жолугууга макул.

Путин 11-ноябрда Парижде бетме-бет сүйлөшүүнү сунуш кылды. Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн бир кылымы белгиленчү ал жыйынга башка лидерлер менен катар Трамп да келет.

- Президент Трамп сиз менен Парижде, элдешүүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатта жолугууну чыдамсыздык менен күтүүдө деп ойлойм. Анткени түрдүү улуттук кызыкчылыктан улам көз караштарыбыз келишпегени менен өз ара кызматташууга мүмкүн болгон тармактарда иштешүү дагы эле маанилүү, – деди Болтон.

Эки өлкө келишпеген жагдайлар аз эмес. Ушу тапта актуалдуусу - Кыска жана орто аралыкка атылуучу ракеталарды жок кылуу жөнүндө келишим маселеси болуп турат. 1987-жылы кол коюлган ал документке ылайык, 500-5500 чакырымга жете ала турган, өзөктүк дүрмөтү бар ракеталар жок кылынган жана аларды жасоого тыюу салынган.

Бирок Орусия келишимдеги талаптарды аткарбай, ракеталарды жасап келатканын билдирип, АКШнын президенти андан чыгарын жарыялады. Орусия мындай дооматтарды четке кагып, кайра Кошмо Штаттарды “келишимди бузду” деп айыптап жатат.

Негизи эле планетага бүлгүн салчу куралдарды чектеш үчүн эки өлкөдө бир нече келишим түзүлгөн.

Анын бири - континент аралык баллистикалык ракета баштаган өзөктүк дүрмөттүү куралдардын башка да тибин жок кылуучу СНВ-3. Ага 2010-жылы Обама менен Медведев кол койгон. Келишим 2021-жылы узартылышы керек.

Болтон менен жолугууда Путин “бул келишимди узартпай коюуга ниетиңер бар экенин угуп атабыз” деди. Андан тышкары, “ракетага каршы системанын кай бир элементтерин космоско жайгаштыргысы келет” деп Вашингтонду айыптады.

Куралга байланыштуу ымала эки өлкөнүн эле маселеси эмес. Ал дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн да маанилүү. Өзгөчө Европа сөз болуп жаткан келишимдерди жокко чыгарууну дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч катары баалап, тынчы кетип турган чагы.

АКШнын бийлиги мындай чочулоо негизсиз деп эсептейт. Вашингтон келишимдерге “тушалып” турган шартта Кытай, Иран, Түндүк Корея баштаган башка мамлекеттер ошондой эле ракеталарын арбытып жатканын мисал келтирүүдө. Трамп аларга теңтайлашуу үчүн АКШнын өзөктүк мүмкүнчүлүгүн кеңейте турганын, бул үчүн акчасы көп экенин дүйшөмбүдө айткан.

 

Азаттык Медиа

Tags: АКШДональд ТрампкелишимкоопсуздукОрусия

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Кыргызстан меняет миграционный тренд: страна становится центром новых рабочих возможностей

18.07.2026
Кыргызстан

Касымалиев раскритиковал заявление министра о парковках в домах ГИК

18.07.2026
Новости

Кремль отверг обвинения во вмешательстве в американские выборы

18.07.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане произошло массовое отключение электроэнергии

18.07.2026
Кыргызстан

Кыргызстан стал лидером ЕАЭС по темпам роста ВВП

18.07.2026
Кыргызстан

В ШОС обсуждают упрощение визовых процедур между странами-участницами

18.07.2026
Новости

Трамп обвинил Китай во вмешательстве в выборы США

18.07.2026
Безопасность

Захарова заявила о готовности России рассмотреть реальные предложения США по Украине

18.07.2026
Новости

Секретная служба США недовольна использованием Вэнсом военных вертолетов

16.07.2026
Кыргызстан

Минюст Кыргызстана предложил компенсировать ущерб за незаконные действия госорганов

16.07.2026
Безопасность

Пентагон рассматривает варианты военной операции против Кубы

16.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире