Мындай ойго Кыргыз республикасындагы жана анын чек арасынын тегерегиндеги окуялар түртүүдө. Эмнге АКШ талкаланып жок болуп бараткан терорристик ИМ тобунун жоокерлерин сактап калып, Афганисанга өткөрүп жиберип, КМШ га жакын алып келген? Эми мунун баары белгилүү боло баштады деп жазат Дело № гезити.
Биринчи факт: Бозгундагы полковниктин кайтып келиши
Жакын арада Таджик ЖМКсы бир учурда коркунучтуу дагы, экинчи жагынан сенсациялык жаңылыкты жазып чыгышты. Кошуна Афганистанда Гулмурод Халимов пайда болду. Ким ал? Аны Тажикистанда жакшы билишет! Милициянын полковниги Гулмурод Халимов (учурда өлкөнүн кызыкчылыгын саткан деген айып тагылган.) Тажикстандын ИИМнин ОМОН дун командири болгон. Бир убакта ал – жарандык согуш учурунда – ал, адис аскер, профессионал снайпер, президенттик гвардияда кызмат кылган. Кийинчерээк согуш аяктап, өлкөдө тынчтык орногон кезде, ал ИИМдин ОМОНнуна кызматка келген. Партизандык жана антипартизандык согушту жүргүзүү боюнча тактикалык эрежелерин мыкты билет. ОМОНдо иштеп жүргөн кезинде Гулмурод Халимов АКШнын антитеррористик машыгуу курстарында тажрыйба топтоп, америкалык менчик Blackwater компаниясында стажировка өтөгөн.
Тажикстандын ИИМ академиясын аяктагандан кийин, тажикск ОМОНнун жетектеп калган. Бир канча контрпартизандык (контртеррористик) операцияларды ийигиликтүү өткөргөн. 2015-жылдын аягында Тажикстандын бир канча сыйлыктарына, ордендерине татыктуу болгон Гулмурод Халимов күтүүсүз жок болуп кетти. Бир аз убакыттан соң, соц.тармактарда анын видеосу чыгып, ал анда Сирияда ИМ тобу менен бирге согушуп жаткандыгын моюнга алган. Бул видеороликте Халимов Тажикстандын бийлигин сындап, мусулмандарды басмырлап атканын айтып, Орруссияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарын “кафирлердин кулу” болбостон Аллахтын кулу болуп, ИМтобуна кошулуп, джихадга кошулууга үндөгөн.
Халимов болсо, Тажикстанга кайтып келип, джихад кылып Тажикстанда бийликти алмаштырып, шариаттын мыйзамы менен жашаганда кылаарын айткан. Ал кетээрде өзү менен кошо ОМОНдун бүтүндөй бир отрядын ала кеткен. ИМ тобунун мүчөсү болгон соң, Халимов аскердик карьерасы чагылгандай тез жасады. 2016-жылы күзүндө ал ИМ тобунун башчысы тарабынан – “согуш министри” болуп дайындалган. Ал буга чейин өлтүрүлгөн грузин Тархан Батирашвилинин ордун баскан. 2017-жылы жазында Халимов Мосул шаарын коргоодо башында турган – ИМдин борбору катары эсептелген бул шаарды, Ирактын армиясы кол салып кирген. Ошондо Халимов авиасоккулардын натыйжасында каза болду деген маалымат чыккан.
Кийинчерээк Халимов тирүү калгандыгын, ал жөн гана жараат алганы билинген. Жакында эле тажик жаңылыктар порталы “Ахбор”: Гулмурод Халимов жакынкы чыгыштан Афганистанга өтүп келгендигин жазып, ал жактан Тажикстанга согуш даярдап жатканын жазган.
ЭБул маалыматты Тажикстандын оппозициялык конструктивдүү күчтөрүнүн конгрессинин лидери Дододжон Атовуллоев тастыктады. “Менин өздүк булактарым, ал (Халимов) азыркы тапта күч топтоп, Тажикстандын чек арасынан өтүүгө камданып жатат деп кабарлашты, – дейт саясатчы. – Халимовтун эмиссарлары, алардын айтуусу боюнча, Оруссияда иштеп жүргөн тажик мигранттарын өздөрүнө кошуп алууга үндөп жатышкандыктарын айтышты. Менин маектештерим айткандай, Гулмурод Халимов Афганистанда көптөгөн кайтаруучулар менен жүрүп, андан атүгүл жергиликтүү тала командирлери коркушат экен.
Тажикстандын ИИМинин ОМОНнун качкын командири полковник Гулмурод Халимов (ортодо) Сирияда ИМдин согушбашчысы катары пайда болгон: алдыңыздарда – анын видеокайрылуусундагы кадр ( 2015-жылдын жазы).
Жакында ал Афганистанда пайда болду. Анын максаты Орто Азияга согуш ачуу. Мындай тапшырманы ага Америкалыктар берген дешет эксперттер…
Аналитиктер бул маалыматка катуу көңүл бурушту. Мисалы жакында жарык көргөн аналитикалык “Ритм Евразии” сайты, (Автор – Владимир Прохватилов, реалдуу саясат академиясынын президенти, РФ согуш илимдер академиясынын эксперти.
“Халимовтун отряды негизинен Орто Азиядан чыккан, мурдагы аскердик командирлер тарабынан, татар, башкир офицерлери жана Сирия менен Ирактын баасистик армиясынын согушту советтик ыкма менен үйрөнгөн мурунку офицерлеринен түзүлгөн. Советтик аскердик окуу жайлардан билим алган боевиктер ылдам эле командир жана башка башкаруучу кызматтарга келишет. Алар дисциплинадан чыкпаган, жаңы техниканы тез үйрөнгөн, авиасоккуларда жана кол салууда алар өздөрүн жоготуп башаламандыкка жол бербейт, согуштун ыкмаларын билишет жана команда бергенди жакшы уюштура алышат. Алардын жумушчу тили араб жана орус тили болуп эсептелинет. Сириядан жана Ирактан чоң жерлерин жоготкон ИМ тобу, элиталык согуштук отрядтарын сактап кала алышкан”, – деп билдирет аскердик аналитик Прохватилов.
Азыркы учурда Афганистанда “Вилаят Хорасан” деген ИМ тобунун филиалын түзүүнү пландап атышат. Халимовтун жана ИМ тобунун элиталык аскердик отрядтарынын кайтып келиши боюнча маалымат чыккан кезде, Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон Тоолу-Бадахшан облусуна келип кетти.
ТБАО нун жетекчилери менен жолугушууда Эмомали Рахмон тезинен облуста тартип келтирүүнү талап кылды. Кылмыштуу топторду тыйып, чек араны таза сактоо керек экенин, болбосо, бул маселелерди аскерлер чечип коерун айтты. Андан кийин облустун неформалдуу лидерлери менен жолугушту.
Бул жер аркылуу Афганистандан негизги наркотрафик өтөт. Афганистандан Кыргызстанга андан ары Оруссияга келет. Бул жерде жалгыз Тажикстан менен Афганистанды байланыштырган жол бар. Ушул адырлар аркылуу ИМ тобу КМШ өлкөлөрүнө кол сала алышат. ЖМКлар маалымдагандай, Халимовтун жоокерлери бул жол аркылуу Бадахшанга кирип, бир канча кылмыштуу иштерди жасап жибергиндиктерин маалымдашты.
“Биринчи чабуул Тажикстанга багытталган. Алгач аскерий плацдармаларды алып, мурдагы талаа командирлери менен тил табышып, алууну көздөп атышат – деп жазат аскердик аналитик Владимир Прохватилов. – Афганистандагы ИМ тобунун башында бир гана күчтүү Халимов эле эмес, алардын согуштук даярдыктары дагы мыкты. Аларды Америкалык жана алардын достору Араб өлкөлөрү каржылап атышат”.
Америкалыктар полковник Халимовго ишенип атышабы?!
Буга чейин аны Америкалыктар душман катары көрүшкөн. 2015-жылы Мамдепартамент Халимовго санкция берген, ал эми 2016-жылы 3 миллион доллар коюп, анын жүргөн жерин тактап бергендерге сыйлык койгон.
Экинчи факт: 2018-жылдын аягындагы согушчандарды чек ара аркылуу алып өтүүдөгү жаңжал.
Афганистандагы терористик уюмдардын активдүүлүгү бул өллкөгө Америкалыктардын терористердин алып өткөндүгүнө байланыштуу дейт Ирандын Генштабдын башчысы Мохаммад Бакери.
“Америкалык Сирия жана Иракта ИМ тобу согуштан утулуп, жерлерин жогото баштаганда, согушчандарды Афганистанга өткөрүп кетишкен. Биз алар келип, ар кандай жардыруу уюштургандыктарын көрүп атабыз”, – дейт Бакери.
Бул боюнча Ирандын мурдагы коргоо министри Ахмад Вахиди дагы “Батыш күчтөрү, ИМдин Сирия менен Иракта утулгандан кийин согушчандарды Афганистан менен Орто Азияга алып кетүүдө” деп билдирген.
2018-жыл боюу Америкалыктар согушчандарды Афганистан аркылуу Орто Азияга өткөрүп келишкен. Бул тууралуу Ирандык жана Оруссиялык эксперттер айтып келишти. Ушул маалыматтардын фонунда джихадист Халимовтун Тажикстан чек арасында пайда болушу жогоруда айтылгандарды тастыктайт.
ИМ тобу Афганистанда азыркы учурда алсыз. Анткени аларды азыркы учурда талилбан токтотуп турат. Алар жерлерди тарттырып ийбөө үчүн, өз жерин сактап күрөшүп, ИМ тобун КМШга өткөрбөй турат.
Жакында КМШ өлкөлөрүнүн башчылары чогулду. Ал жерде кандай гана коркунуч болбосун бирдиктүү иш алып барып, чогуу коргонуу боюнча чечим кабыл алынды.
Үчүнчү Факт: Ысык-Көлдөгү машыгуунун айланасындагы чыр
Ушул жылдын сентябрь айынын аягында Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн “Ысык-көл – Антитеррор-2018 аталышындагы аскердик машыгуу болуп өттү. Биринчи жолу ал жерде ракеталык комплекс “Искандер М” колдонулду. Тоолу “Эделвейс”” аталышындагы полигондо ракетчиктер терорристердин жашынып жаткан жерлерине сокку урушту. Ал эми учкучтар болсо, душмандардын машина кербендерин аткылоону үйрөнүштү.
Бул душмандар кимдер экени баарына белгилүү – Афганистандагы ИМ тобу.
“Ысык-Көлдөгү Оруссиялык аскерий машыгуу Кыргыздарды капа кылды” – деген заголовок менен октябрдын ортосунда “Каравансарай” сайты жазып чыкты. Публикация көп деле мааниге ээ эмес. “Каравансарайдын” негизги спонсору (сайттын өзүндө көрсөтүлгөндөй) USCENTCOM – АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү борбордук командалык бирикмеси негизги спонсор экени кызык абалды түзөт.
Жыйынтык чыгарсак. АКШ Орто Азияда согуш чыгып кетүүсү каалап турат. Кыязы алар өздөрү бул согушту уюштуруп жатышат окшойт.