No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Четверг, 09.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

АКШ Саудияга санкция салды

АКШ журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга санкция салды.

Бул чаралар Саудия «Хашогжинин көзүн тазалады» деп шек саналган беш киши өлүм жазасына тартылаарын билдиргенден көп өтпөй жарыяланды. Түрк тарап «Журналисттин сөөгү кайда?» деген суроону кабыргасынан коюп жатат. Журналист Жамал Хашогжи Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөндөн бир жарым ай өткөндөн кийин АКШ айрым саудиялыктарга санкция салды.

Мындай чарага кабылган 17 кишинин арасында Саудиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын башкы жардамчылары Сауд Ал-Кантани жана Махер Мутреб да бар.

АКШнын Финансы министрлиги белгилегендей, ханзааданын узактан берки оң колу болуп саналган Сауд Ал-Кантани журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү операциясын “пландоого жана аны ишке ашырууга” аралашкан. Ошондой эле Хашогжи өлтүрүлгөн учурда Саудиянын Стамбулдагы башкы консулу болуп иштеген Мухаммад Алтаиби да “кара тизмеге” киргизилди.

- Биз санкция салган саудиялык расмий өкүлдөр Жамал Хашогжини үрөй учурган жол менен өлтүрүүгө катышкан. АКШда жашап, иштеп жаткан журналистти бутага алып, ырайымсыздык менен өлтүргөндөр колу менен кылганын мойну менен тартышы керек, - деп билдирди 15-ноябрда АКШнын финансы министри Стивен Мнучин

Tags: АКШМаннилуусанкция

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Кыргызстан создает новые гарантии для инвесторов и меняет правила игры

09.07.2026
Безопасность

На посту «Манас» пресекли ввоз психотропных веществ в Кыргызстан

09.07.2026
Кыргызстан

В «Аэропортах Кыргызстана» раскрыли причину возвращения рейса в Бишкек

09.07.2026
Кыргызстан

ЕАЭС расширит продажи через маркетплейсы на Индию, Китай и Монголию

09.07.2026
Кыргызстан

Самолет Asman Airlines экстренно вернулся в Бишкек после технической неисправности

09.07.2026
Безопасность

США нанесли новые массированные удары по военным объектам Ирана

09.07.2026
Кыргызстан

Кыргызстан сделал проезд через тоннель «Кок-Арт» платным

09.07.2026
Коррупция

Чиновников Минсельхоза Кыргызстана задержали при получении взятки в млн сомов

09.07.2026
Кыргызстан

В Минэнерго сообщили о сокращении дефицита воды в Токтогульском водохранилище

09.07.2026
Кыргызстан

Казахстан ограничил въезд транспорта для борьбы с контрабандой топлива

09.07.2026
Кыргызстан

Кыргызстан увеличит импорт электроэнергии до 4,1 млрд киловатт-часов

09.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире