АКШ Вирджиния Чыгыш округунун соту курал-жарак контрабанда боюнча айыпталып, Тенгиз Сыдыковду, АКШдагы мурдагы кыргыз элчиси Замира Сыдыкованын уулун эркинен ажыратты.
Сыдыков азыр штатта, үй камагына алынган. Ал эми 20-март күнү, жазаны өтөө үчүн түрмөгө жөнөтүлөт.
Эске салсак, 29-жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резвпнов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз эл аралык соодага шек менен өткөн жылы Кошмо Штаттарда кармалган. Америкалык полиция тергөөдөн кийин, күмөн тастыкталган. АКШнын мыйзамдарына ылайык соттолгон. Окуя тууралуу Кыргыз бийлиги комментарий бере элек.
Сүрөт: m.topik.lt