Ала-Тоо аянтында массалык мушташтагы 18 жаштагы баланын өлүмү боюнча шектүүнү милиция кызматкерлери кармашты.
23 жаштагы жигит эки айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына убактылуу камалды. Мындай чечим Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Азыркы учурда биз, Бишкектеги массалык мушташта, атайлап бычактаганбы же жокпу такталууда. Ошондой эле, ички иштер бөлүмү башка катышуучуларды да издеп жатабыз.
Эске сала кетсек, 24-февралда балдар аянтка туулган күн белгилөөгө чыгышкан. Алар башка компания менен кыздарды талаша кетишип, мушташ чыгат. Натыйжада, эки киши жаракат алып алардын бири көз жумган. Ал эми экинчи адам учурда ооруканада.