Жакынкы күндөрдө Алай районунда Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш чара Алымбек-Датка эс алуу багында өттү. Ага райондун 14 айыл өкмөтүнүн ичинен аялдар катышты.
Баатыр энелерди райондун акими Замирбек Молдокулов жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу менен жолугушту.
Салтанаттын жүрүшүндө 28 эне “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, 25 аял “Эне даңкы” сыйланышты.
Ар бир аялга гүлдесте тапшырып, башына ак түстөгү жоолук салышты.
Окуучулар жана маданият үйүнүн кызматкерлери иш чарага концерттик программасын тартуулашты.
Белгилей кетсек, “Баатыр эне” медалы жана “Эне даңкы” ордени менен Кыргызстан Президентинин Жарлыгына ылайык сыйланат.
“Баатыр эне” медалы менен жети жана андан көп балдары бар жана аларды толук тарбиялап жаткан аялдарды сыйлашат.
“Эне даңкы” ордени аялдарга тапшырылып, алты бала тарбиялаган аялдарга берет.
2012-жылдан тартып майдын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасында Энелер күнү белгиленет.