Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Алай районунда мектеп окуучусунун, өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Маркум Боз-Караган айылында жайгашкан, №23чү М.Ташиев атындагы мектепте онунчу класстын окуучусу болгон. Маркумдун сөөгүн кечки саат жетилер чамасында короодон табышкан.
Маркумдун атасынын сөздөрүн, милиция кызматкерлери да тастыкташкан. Жана кылдат экспертиза жүргүзүлгөн. Маркумдун ата, энеси эч кимди күнөөлөшпөйт экенин баса белгилеп кетишкен, жана судмедэкспертизадан баш тартышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө, милиция кызматкерлерине маалым болгондой. Маркум, үй бүлөсү менен Орусияда жашап, билим алган. Тактап айтканда Тюмень областында. Маркум ал жерде, тогуз жыл билим алган.
Жайдын акыр ченинде маркум ата, энеси менен Кыргызстанга, тагыраагы Боз-Караган айылында билимин уланткан.
Мугалимдердин, классташтарынын айтымында өспүрүм алдыңкы окуучулардан болгон жана кароо-сынактарда алдыңкы орундарды жеңип келген. Бирок, ошол эле учурда, өспүрүмдү түнт болгон деп эскеришет.
Атасынын айтымы боюнча, уулу өнүккөн, интернет колдонуучу болгон. Кыргыз тилинде сүйлөй албагандыгы үчүн, өспүрүмдүн жакын достору болгон эмес.
Азырынча, бул сырдуу өлүм боюнча эч ким эч нерсе дей албайт.Асынып алууга өспүрүмдө эч кандай себеп дагы болгон эмес.
Болжол менен өспүрүм жалгыздыктан, эч ким менен байланышы болбогондуктан жана онлайн оюндары себеп болгон деп болжошот.
Сүрөт: newsvo.ru