Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге Жамбул областында болгон Алматы—Ташкент жол-транспорт кырсыгына байланыштуу жабыр тарткандарга көңүл айтты.
«Терең кайгыруу менен кабыл алдым адамдардын өлүмү менен коштолгон, Казакстан Республикасындагы Алматы-Ташкент жол кырсыгы жөнүндөгү кайгылуу кабарды. Элибиздин атынан, өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандарга тез арада айыгып кетишин каалайм», – деп президенттин көңүл айткан телеграммасында белгиледи.
Эскерте кетсек, ишемби күнү, 20-апрелде болгон. Алматы-Ташкент трассасында Toyota маркасындагы жеңил унаа жана жүк ташуучу унаа кагылышты. Ошол эле трассада жүргүнчү автобус кырсык болгон жерден айланып өтүугө аракет жасаган, бирок автобус оодарылып кеткен. Жол кырсыгынан 41 адам жабыркап, 11 адам курман болгон.
Сүрөт: knews.kg