Алматы — Бишкек жолунун 23-чакырымында болгон кырсык тууралуу казак журналисттери жазып чыкты.
Кырсыктан жалпысынан 21 киши жаракат алып, алты киши ооруканага жаткырылып, бир киши кайта жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Кырсык күндүз катталып, кырсыктын себебинен улам Каскелең аймагында чоң жол тыгыны пайда болгон. Жол тыгынды жөнгөн салуу бир нече сааттан кийин ишке ашты.
Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жогу азырынча белгисиз.
Бул жол кырсыгы боюнча Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин жол эрежесин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.