Бүгүн, Бишкекте, Октябрь райондук соту, парламенттин экс депутаты Ахматбек Келдибеков, экс-генпрокурор Азимбек Бекназаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ардактуу башчысы (УКМК) Кеңешбек Дүйшебаевдердин арызын карап чыгып, экс-президентке “моралдык зыян” келтиргендиги үчүн Алар, “Апрель” телеканалын жана Кыргыз Республикасынын экс президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берген.
Талабы канааттандырылып, азыр Алмазбек Атамбаев үчөөнө 100 миң сомдон айып төлөйт. “Апрель” теле каналынан материалдык талаптар чечилген. Мурдагы аткаминерлер бул акчаны кайрымдуулукка жумшай турганын баса белгиледи.
Атамбаевди коргоочу жак аны жогорку сотко даттанаарын айтты.
Эске сала кетсек, мурдагы жогорку даражалуу чиновниктер Атамбаев, “Апрель” телеканалына берген маегинде алар тууралуу чындыкка коошпогон интервьюсу үчүн сотко берген деп айткан.
Сүрөт: vb.kg