Казахстандын борбору Астана шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Отурумга Оруссиянын вице-премьери Антан Силуанов, Казахстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков, Белорусиянын вице-премьеринин орун басары Игорь Петришенко жана Армениянын вице-премьери Мгер Григорян, ЕЭКтин төрагасы Тигран Саркисян катышышты.
Казахстан Республикасынын өкмөтүнүн пресс-кызматынынын маалыматы боюнча отурумда 22 маселени кароо күн тартибине коюлган. Отурумдун катышуучулары Евразиялык Экономикалык кеңештин алкагында товарларды ЭАЭБтин ичинде мыйзамдуу айландыруусунда колдонуучулардын укуктарын сактоо, аларды ар кандай кутумдардан алдын алуусу үчүн бирдиктүү идентификациялап маркировка кылуу боюнча маселени талкуулашты.
Отурумдун жүрүшүндө ЕЭКтин мүчөлөрү, декабрь айында Санкт-Петербугр шаарында өтө турчу Жогорку экономикалык кеңештин күн тартибин бекитишти.
Жогорку кеңештин күн тартибине, ЕАЭБтин нефти продукцияларын газ жана нефтини сатуу боюнча бирдиктүү базар түзүү боюнча маселелер кирди. ЕАЭБке кирген өлкөлөрдүн интеграциялоо маанилүү маселе бойдон калууда. Бул багытта ЕАЭБтин интеграциялоо боюнча декларация кабыл алынды.
Андан сырткары ЕАЭБтин 2019-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүн Негизги багыттары тууралуу документ кабыл алды. Бул документ жыл сайын ЕАЭБтин стратегиялык партнерлорунун жана алар менен иш алып баруу боюнча иш-чараны аныктоо үчүн кабыл алынат.