Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 8-ноябрда Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун жыйыны болот.
Уюмдун маалыматына караганда, жыйын уюмга мүчө мамлекет башчыларынын деңгээлинде өтөт.
Ошондой эле тышкы иштер, коргоо министрлери жана коопсуздук кеңештин катчыларынын биргелешкен жыйыны да өтмөкчү.
Анда уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат. Өз ара кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук маселеси талкууга алынмакчы.
ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.