“Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын депутаттары жыйында Кыргызстандын узак убакыттан бери курулуп жаткан жана капиталдык курулуш абалынын маселелерин талкуулашты.
Фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү күндө Кыргызстанда 403 социалдык объект салынып, алардын курулушун аяктоого 16 миллиард сом керектелет деп билдирди.
Мамкурулуштун башчысы Бактыбек Абдиев өз сөзүндө билдиргендей, жыл сайын мамлекет керектүү сумманын 25% гана бөлүүдө.
«Биздин сизге бир гана талап – айрым форс-мажордук учурлардан тышкары, ушул 403 объект бүткөрүлмөйүнчө, жаңы социалдык объекттердин курулушун баштабайбыз», – деди Шыкмаматов.