5-ноябрь күнү, кечки саат 10:00 дордо борбор калаада дагы бир чоң өрт чыкты. Өрт Элебесов 151 көчөсүндө жайгашкан «Дениз Текстиль» атындагы склад өрттөндү.
ӨКМ нин маалыматына ылайык, дүкөндүн ичинде тигүү үчүн кездемелер бар болгон.
КРнын ӨКМ нин ишмердүүлүгүн негизинде 23.29 да өрттү токтотуп, таңкы 05:10 до өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Жалпы күйүү аянты 900 квадрат метрди түзүп, өрт чалган имарат толугу менен күйүп кеткен.
Тилекке жараша, өрттүн кесепетинен эч ким жабыркаган жок. Өрттүп келип чыгышы жана материалдык чыгымдар эсептелинүүдө.
Белгилей кетсек буга чейин, Бишкекте бир канча соода жайларын, бизнес-имараттарды өрт чалган. Ош базары үч жолу өрттөнүп, Мадина базары өрт жалынына кабылган.