No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 08.07.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Атамбаев: азыркы бийлик Бакиевдин жолуна түштү

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарына маек бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда «Апрель ТВ» каналына маек куруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди. Анда Атамбаев журналисттин “бул маалымат эмнеге бүгүн жарыяланды”? деген суроосуна мындай жооп берди:

- Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз» дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы - биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү, - деди Атамбаев.

Ал эми Атамбаевдин саясий абал боюнча толук маеги бүгүн, 19-ноябрда жарыяланары айтылды. Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек.

Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Адвокат бул маалыматты былтыр президенттикке талапкердин штабында иштеген «Жээнбековдон да, Атамбаевден да көңүлү калган» ишенимдүү адам бергенин айтып чыккан.

Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен. Бул боюнча президенттин аппараты «фейк» маалымат деп комментарий берген.

Быйыл 31-марттагы КСДПнын курултайында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы пикир келишпестик ачыкка чыккан. Анда Атамбаев Жээнбековду ЖЭБдеги коррупция үчүн айыптаган. Кийин бул иш боюнча КСДПнын бир нече мүчөлөрү камакка алынган.

Азаттык

Tags: А.АтамбаевБакиевтин жолуС.Жээнбековсаясат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Кыргызстане отменили контроль цен на бензин Аи-95

08.07.2026
Кыргызстан

Рысбеков пообещал стабильное электроснабжение зимой

08.07.2026
Коррупция

Экс-замглавы ГКНБ Шадыбекова отправили под стражу до сентября

08.07.2026
Безопасность

США возобновили удары по Ирану после обострения ситуации в Ормузском проливе

08.07.2026
Безопасность

В Кыргызстане временно запретили полеты всех самолетов Tez Jet

08.07.2026
Кыргызстан

Аэропорт «Манас» закрыли до вечера после аварии самолета Tez Jet

08.07.2026
Кыргызстан

В аэропорту «Манас» у самолета Tez Jet при взлете сломалось шасси

08.07.2026
Кыргызстан

Фестиваль «Алые маки» собрал на Иссык-Куле более 600 юных артистов

08.07.2026
Безопасность

На Украине убили подозреваемую в покушении на бизнесмена Ермолаева

08.07.2026
Аналитика

Кыргызстан и Пакистан открывают новые торговые маршруты через Евразию

07.07.2026
Безопасность

Президент Финляндии сообщил о поддержке НАТО атак Украины на Россию

07.07.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире