Кой-Таш айылында жайгашкан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө майрамдык концерт өтүүдө. Экс-президент ага активдүү катышып жатат.
Атамбаевдин жашаган жеринде 150гө жакын адам чогулду. Жасалма сахнада жергиликтүү эстрада ырчылары катышууда. Ардактуу меймандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова бар.
Эскерте кетсек Алмазбек Атамбаев депуттытык кол тийбестигинен ажыратылган. Ага мыйзамдагы ууру Батукаевди бошотуу жана кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу кошуп, беш пункт боюнча айып коюлган.